Премьер Сариев вице-мэрди кеч жасалган иш үчүн жарга такады

Жазылуу
Темир Сариев борбор шаардын жолдорун оңдоп-түзөө боюнча иштерди жасалышын өзү көзөмөлгө алууда.

Премьер-министр Темир Сариев Бишкек шаарынын чиновниктери менен көчөлөрдү оңдоп-түзөө иштери менен таанышты. Ал Аламүдүн-1 кичирайонундагы Мухтар Ауэзов көчөсүн оңдоо иштерине 11 күн кеч жабылгандыгы, ишти өз учурунда аткарбагандыгы үчүн борбор калаанын вице-мэри Бакыт Дүйшембиевге ачууланды.

"Силер ишти 10-майга чейин бүтүрүшүңөр керек эле, а бүгүн 21-май! Мына, силерде адаттагыдай эле миллион шылтооңор даяр", — деди өкмөт башчысы.

Сариев көчөлөрдөгү оңдоп-түзөө иштерин жума сайын көзөмөлдөөго убада кылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0