БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Борбор шаардын түндүк-батыш аймагына беш күн көгүлтүр от берилбейт деп билдирди "Газпром Кыргызстан" компаниясынан.
Бишкек шаарында 25-30-май аралыгында Эркиндик, Элебесов, Щербаков көчөлөрүнүн жана Чоң Чүй каналынын аймагында газ болбойт.
Абоненттерге газ берүүнү чектөө авариялык-калыбына келтирүү иштеринен улам токтотулат. "Газпром Кыргызстан" компаниясынан жаралган жагдайга байланыштуу абоненттерге ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт.