КР футболчулары Араб Эмирлигиндеги беттеште аза тасмасын тагынып чыкты

Жазылуу
Кыргызстандын футбочулары Иордания менен болгон беттеште аза тасмасы менен чыкты. Оюн 4:0 эсебинде Иорданиянын пайдасына аяктады. Командалардын беттеши 18-майда Аль Айн шаарындагы (Бириккен Араб Эмирлиги) "Al Qattara" стадионунда өттү.

Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык командасы Иордания менен болгон беттеште 16-майда каза болгон "Шоро" компаниясынын негиздөөчүсү Табылды Эгембердиевди эскерип, аза тасмасын тагынып чыгышты.

Оюн 4:0 эсебинде Иорданиянын пайдасына аяктады. Командалардын бетеши 18-майда Аль Айн шаарындагы (Бириккен Араб Эмирлиги) "Al Qattara" стадионунда өттү.

Аза тасмасын тагынуу үчүн уруксат Азиялык футбол конфедерациясынан алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0