БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Кикбоксинг боюнча өлкө чемпионаты Бишкекте өтө турганын Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат катчысы Нурдин Султамбаев билдирди.
Чемпионатка өлкөнүн эң кыйын деген спортчулары катышат. К-1 түрү боюнча Эл аралык класстагы спорт чебери, профессионалдар арасында дүйнөнүн үч жолку чемпиону Алексей Федосеев да күч сынашат. Чемпионаттын жыйынтыгы менен лоу-кик жана К-1 версиялары боюнча Кыргызстандын курама командасы түзүлөт. Ал Кыргызстандын намысын август айында Пуна шаарында (Индия) өтө турган Азия чемпионатында жана октябрь айында Сербияда өтө турган дүйнөлүк чемпионатта коргойт.
Катышуучуларды таразага тартуу 16-майда эртең менен өтөт. Ушул эле күнү түшкү саат 13.00дө чемпионат ачылып, лоу-кик боюнча мелдеш болот. 17-майда лоу-кик боюнча таймаштар улантылып, 18-19-майда К-1 түрү боюнча спортчулар күч сынашат.