https://sputnik.kg/20150514/1015510747.html
Дельфи оюндарында Кыргызстан жети медаль утуп алды
Дельфи оюндарында Кыргызстан жети медаль утуп алды
Sputnik Кыргызстан
Дельфи оюндары конкурс жана фестивалдарды камтып, ошондой эле, көргөзмө жана искусствонун түрдүү тармактарында презентациялар көрсөтүлөт. Оюндар 1-майдан... 14.05.2015, Sputnik Кыргызстан
2015-05-14T12:25+0600
2015-05-14T12:25+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/101421/68/1014216892_0:143:2000:1268_1920x0_80_0_0_f2af7ee80d7cc9d649a6b714a98fa9ad.jpg
кмш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2015
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/101421/68/1014216892_220:0:2000:1335_1920x0_80_0_0_7059fc794b0b138811a619e15e165608.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, дүйнөдө, спорт, жаңылыктар, кмш, маданият министрлиги, дельфи оюндары
кыргызстан, дүйнөдө, спорт, жаңылыктар, кмш, маданият министрлиги, дельфи оюндары
Дельфи оюндарында Кыргызстан жети медаль утуп алды
12:25 14.05.2015 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Дельфи оюндары конкурс жана фестивалдарды камтып, ошондой эле, көргөзмө жана искусствонун түрдүү тармактарында презентациялар көрсөтүлөт. Оюндар 1-майдан 6-майга чейин Россиянын Орёл шаарында өткөн.
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Кыргызстан КМШга мүчө мамлекеттердин дельфи оюндарында жети медаль утканын Маданият министрлигинин эл аралык байланыштар бөлүмүнүн адиси Гүлшан Муллакелдиева билдирди.
Оюндар 1-майдан 6-майга чейин Россиянын Орёл шаарында өттү. 10-жолу өткөрүлүп жаткан жаштардын дельфи оюндарына КМШга мүчө мамлекеттердин командалары катышты.
Бул оюндардан Кыргызстан жети медаль менен кайтты:
- Алтын медаль — Марина Клюг, "Кийим дизайны" номинациясы боюнча.
- Күмүш медаль — "Элдик бий" номинациясы боюнча "Шаттык" хореографиялык ансамбли.
- Коло медаль — "Адис" вокал-хореографиялык ансамбли, "Заманбап бий" номинация боюнча.
- Коло медаль — Болотбек кызы Акмөөр, "Эстрадалык ырдоо" номинациясы боюнча.
- Коло медаль — Давуров Юнус, "Ди-джей" номинациясы боюнча.
- Коло медаль — Мадимкулова Чынара, "Цирк" номинациясы боюнча.
- Коло медаль — Жумахун кызы Азиза, "Элдик көркөм кол өнөрчүлүк" номинациясы боюнча.
Дельфи оюндары конкурс жана фестивалдарды камтып, ошондой эле, көргөзмө жана искусствонун түрдүү тармактарында презентациялар көрсөтүлөт.