БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандагы банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
Банк системасы улуттук экономиканын кызыкчылыктарын коргоодо жана мамлекеттин финансылык туруктуулугун сактоодо зор мааниге ээ экендигин айткан, президент эл жана ишкерлер үчүн финансы ресурстарынын жеткиликтүү болушу алардын ишине байланыштуу экендигин белгиледи.
"Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы интеграция банк чөйрөсүнөн активдүү болууну талап кылат. Кыргызстандын банктары экономикалык өсүшкө өбөлгө болушу керек. Түзүлүп жаткан эл аралык мамилелердин жана интеграциялык процесстердин шарттарында жаңы экономикалык шарттарга даяр туруу зарыл", — деп айтылат Атамбаевдин куттуктоосунда.
Мамлекет башчысы Кыргызстандын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында банк системасына жана чакан финансылоо секторуна маанилүү милдет жүктөлгөндүгүн билдирген. Банктар тарткан финансы каражаттары өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө – жаңы ишканаларды ачууга, жумушчу орундарын түзүүгө жана адамдар үчүн керектүү продукцияларды чыгарууга жумшалышы керектигин айткан.