Оштун Көгарт айылында согуш ардагерлеринин урматына мемориалдык жай ачылды

© Фото / Бөтөнөев ЖолдошбекОштун Көгарт айылында согуш ардагерлеринин урматына мемориалдык жай ачылды
Оштун Көгарт айылында согуш ардагерлеринин урматына мемориалдык жай ачылды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алайкуу айыл өкмөтүнө караштуу Көгарт айылынын республика аймагында жана Казакстан, Россия, Германияда жашап, иштеп жаткан көгарттыктар каражат топтоп, Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларына арнап мемориалдык такта орнотуп, сейил бак ачышты.

БИШКЕК, 9-май – Spitnik. Ош облусундагы Алайкуу айыл өкмөтүнө караштуу Көгарт айылында элдин каражатына Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларынын элесине арналган мемориалдык эстелик коюлуп жатат. Бул туурасында Алайкуу айыл өкмөтүнүн жетекчиси Аскарбай Аттокуров билдирди.

© Фото / Бөтөнөев ЖолдошбекКөгарт айылынын жашап, иштеп жаткан көгарттыктар каражат топтоп, Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларына арнап мемориалдык такта орнотуп, сейил бак ачышты.
1/3
Көгарт айылынын жашап, иштеп жаткан көгарттыктар каражат топтоп, Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларына арнап мемориалдык такта орнотуп, сейил бак ачышты.
© Фото / Бөтөнөев Жолдошбек1941-жылдагы майданга аталган аймактан 106 киши аттанган
2/3
1941-жылдагы майданга аталган аймактан 106 киши аттанган
© Фото / Бөтөнөев Жолдошбек"Көгарт" коомдук фондунун жетекчиси мемориалдык жайдын ачылышы ардактуу караул, театралдык оюндар менен коштолгондугун билдирди.
3/3
"Көгарт" коомдук фондунун жетекчиси мемориалдык жайдын ачылышы ардактуу караул, театралдык оюндар менен коштолгондугун билдирди.
1/3
Көгарт айылынын жашап, иштеп жаткан көгарттыктар каражат топтоп, Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларына арнап мемориалдык такта орнотуп, сейил бак ачышты.
2/3
1941-жылдагы майданга аталган аймактан 106 киши аттанган
3/3
"Көгарт" коомдук фондунун жетекчиси мемориалдык жайдын ачылышы ардактуу караул, театралдык оюндар менен коштолгондугун билдирди.

1941-жылдагы майданга аталган аймактан 106 киши аттанып, кийин тынч заманда алардын элесин эскерткен эч нерсе курулбаптыр. Айылдыктар былтыр бул ишти демилгелеп, быйыл аны ишке ашырууну колго алгандыгын айыл өкмөтү айтып берди. 

"Согушка аттанып, каза болгон, кайтып келген аталарды жаштар билип, эскерип турушу шарт. Былтыр бул ишти ойлоп, быйыл элдин, биздин айылдан Ош жана Бишкек шаарларында иштеп жүргөн айылдаштарыбыздын жардамы менен ишке ашырдык. Жергиликтүү бюджеттен 50 миң сом бөлүндү. Учурда иш кызуу жүрүп жатат", — деди айыл өкмөтүнүн башчысы Аскарбай Аттокуров.

Гвоздики на памятнике победы - Sputnik Кыргызстан
Тосордо Улуу Ата мекендик согуштан кайтпай калган 115 каарманга эстелик орнотулат
Мемориалдык эстелик тургузулуп, айланасына арча-карагай, тал-теректер отургузулуп, отургучтар орнотулуп, ал көгарттыктардын сүйүктүү жайына айланмакчы. 

Демилгечилердин бири, Бишкек шаарынын жашоочусу, "Көгарт" коомдук фонду Жоробек Борбодоев согуштун катышуучуларына арнап эстелик ачууга өлкөнүн ичинде гана эмес, чет жактарда иштен жүргөн көгарттыктар каражат жагынан колдоо көрсөткөндүгүн айтты.

"Эң алыста жайгашып, Кытай менен чектешкен аймактагы биздин айылда согуштун катышуучуларына эстелик тургузуу көптөн бери көкүрөктө келе жаткан ой эле. Буга каражат топтоого Бишкек, Ош жана Чүй аймактарында жашап жаткан көгарттыктардан сырткары, Казакстан, Россия, Германиядагы айылдаштарыбыз көмөк көрсөттү. Москвада иштеген бир нече өкүлдөр эстеликтин ачылышына атайын келип катышты",— деп билдирди Борбодоев.

"Көгарт" коомдук фондунун жетекчиси мемориалдык жайдын ачылышы Ардактуу караул, театралдык оюндар менен коштолгондугун билдирди.

 


Жаңылыктар түрмөгү
0