БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Жеңиш күнүнө карата Бишкек шаарында элдик сейилдөө болорун мекендештер гильдиясынын ассоциациясы билдирди.
9-майда саат 13.00дө Маданият министрлигинин жана Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын имаратынын жанында (Пушкин көчөсү 78) Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата майрамдык иш чара уюштурулат.
Майрамдык программада – элдик сейилдөө, ардагерлерди куттуктоо, майрамдык концерт, Улуу Жеңишке арналган балдардын сүрөт тартуу конкурсунун жеңүүчүлөрүн куттуктоо бар.
Иш чара Россиянын КРдеги элчилигинин, Бишкек мэриясынын, Кыргызстандагы Россия кызматташтыгы өкүлчүлүгүнүн, Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын, "Евразиялык изилдөөлөр институту"өнүгүү фондунун жана "Дом Москвы" маданий борборунун колдоосу менен уюштурулууда.