БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Улуу Британияда өкмөттүн курамын жана өлкөнүн багытын жакынкы беш жылга аныктай турган парламенттик шайлоо башталды. Шаршемби күнү эртең менен өлкөнүн бардык аймактарында добуш берүүчү жайлар ачылды. Британиялыктар общиналар палатасынын толук курамын шайлашат. Министрлер кабинетинин негизги чечимдери дал ошол палатанын жактыруусу менен өтөт. Бул туурасында РИА Новости билдирди.
Шайлоо 650 бир мандаттуу аймакта мажоритардык система боюнча өтүп жатат. Бул ар бир конкреттүү аймакта шайлоочулар партия үчүн эмес, конкреттүү талапкер үчүн добуш берип, көп дорбуш алганы жеңүүчү болот дегенди билдирет.
Шайлоодо Улуу Британиянын, Ирландиянын (Бириккен Падышалыкта жашоочу) жана Британ Кызматташтык өлкөлөрүнүн 18 жаштан жогорку жана добуш берүүгө юридикалык чектөөлөрү жок бардык жарандары добуш бере алат.
Британиянын монархына да добуш берүү жагынан эч кандай чек коюлган эмес, бирок монархтын добуш берүү факты Конституцияга каршы деп таанылбашы үчүн, ал эч качан добуш берүүчү жайга келген эмес.
Андан тышкары, каттоого алынган шайлоочу почта же өзүнүн ишенимдүү кишиси аркылуу добуш бере алат. Британиянын шайлоо комитети өз бюллетенин почта менен жиберүүгө үлгүрбөй калгандарга аны шайлоо күнү добуш берүүчү жайга жеке алып келип берүүгө уруксат кылат.
Шайлоого бир күндөн кем убакыт калганда башкы атаандаштар — консерваторлор менен лейбористтердин ичинде айкын лидерлер аныкталган жок. Коомдук пикирге карата жүргүзүлгөн көпчүлүк сурамжылоолор көрсөткөндөй, лидерлер дээрлик бирдей пайызга ээ. Бирок айрым маалыматтар боюнча тори аз болсо да саясий атаандаштарынан озуп жатат.
YouGov кызматынын маалыматы негизги партиялар 34%дан бирдей добуш, UKIP 12% добуш алып жатканын көрсөтүүдө.
Ар түрдүү сурамжылоолор боюнча улам тиги же бул партиянын пайдасына 1-3%дык добуш шайлоо кампаниясынын жүрүшүндө туруктуу байкалып турду. Шайлоо алдында партиялар бул абалды өзгөртө алган жок, жана эч бири азырынча алдыга чоң жылыш жасай элек.