БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун 250-чакырымында Сары-Булак аймагынан Нарын шаарын көздөй бараткан "Тойота-Раф-4" үлгүсүндөгү автомашина жол жээгинде тосмону сүзүп, унаанын ичиндеги беш кишинин төртөө каза болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Аталган окуя 2-май күнү күндүзгү саат 16:10дор чамасында болгон. Жол кырсыгы болгон жерге ӨКМдин №42 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барып, каза болгон кишилердин сөөгүн чыгарышып, Кочкор райондун ИИБдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Жол кырсыгынын кесепетинен автоунаанын айдоочусу 59 жаштагы Жусупбек Исаков, анын аялы 53 жаштагы Кымбат Мамырова, Нарын шаарынын тургуну 66 жаштагы Жаңыл Жалилова каза болгон. Ал эми 56 жаштагы Кенжекан Жалчиева тез жардам кызматынын машинасында ооруканага жетпей каза болгон. Оор жаракат алган 5 жаштагы Айым Кубанычбекова тез жардам аркылуу Кочкор районун ооруканасына жеткирилген.