БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Жеңиштин 70 жылдыгына карата уюштурулган салтанаттар 4-майда "Ала-Тоо" аянтында мектеп окуучуларынын парады менен баштала турганын КР президентинин маалымат кызматы билдирди.
Бул күнү "Ала-Тоо" аянтында мектеп окуучуларынын масштабдуу театрлаштырылган "Жеңиштин жаш мураскерлеринин парады" салтанаты өткөрүлөт. Майрам алдындагы Жеңиштин жаш мураскерлеринин парадына 6 миң окуучу катышат.
Бишкек мектептеринин окуучулары, балдардын чыгармачыл белгилүү коллективдеринин тарбиялануучулары, аскердик лицейлердин курсанттары, жаш спортчулар согуш ардагерлерине жана чакырылган меймандарга кооз жана масштабдуу театрлаштырылган оюн-зоок даярдашкан.
Параддын жүрүшүндө түрдүү эпизоддор көрсөтүлөт. Салтанатка президент Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, премьер-министр Темир Сариев баштаган бийлик өкүлдөрү катышары күтүлүүдө.
Бул иш чара КТРК аркылуу түз көрсөтүлөт.