БИШКЕК, 30-апр. – Sputnik. Өкмөттүн курамына жаңы үч киши кириши мүмкүндүгүн Жогорку Кеңештин адам укуктары, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин жыйынында премьер-министрликке талапкер Темир Сариев билдирди. Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк Сариевдин талапкерлигин өкмөт башчылыкка сунуштаган.
Сариев экономика министрине Олег Панкратовду, каржы министрине Адылбек Касымалиевди жана транспорт министрине Аргынбек Малабаевди сунуштады.