00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
2 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Ежедневные новости
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстанда Органикалык айыл чарбасынын улуттук күнү белгиленет — максаты кандай?
11:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Детский паспорт по-новому: что изменилось для родителей
12:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ачык кеп
Медициналык камсыздандыруу полисин алган жарандарга дагы кандай жеңилдетилген кызматтар кошулат?
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Религия в Китае: что разрешено и как работает государственный контроль
14:04
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Мунапыска берилген жерлерге арест: мыйзамдуу негиздери жана учурдагы абал
15:05
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Десятиклассники из КР создали приложение о том, как школа влияет на психику
16:04
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Санариптешүү доорунда жакындарга кантип сапаттуу көңүл бура алабыз?
17:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
«Көлөкө»: кыз-жигит мамилесиндеги кооптуу чек кайда?
19:06
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Мунапыска берилген жерлерге арест: мыйзамдуу негиздери жана учурдагы абал
21:04
37 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргызстандын дизайнерлери өлкөдө алгачкы комикс жаратышты

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын дизайнерлери өлкөдө алгачкы комикс жаратышты
Кыргызстандын дизайнерлери өлкөдө алгачкы комикс жаратышты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik кабарчысы Ала-Тоонун сырларын ачкан, катарлаш дүйнөдө кыргыз элдик уламыштардын каармандарына жолугуп жана башка планеталардан келген терс күчтөргө каршы чыккан мектеп окуучусу Алтай жөнүндө идея жаралган студияда болуп кайтты.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Башка планеталардан келген терс күчтөргө каршы чыккан мектеп окуучусу Алтай жөнүндө Кыргызстанда жаралган алгачкы комикс дүйшөмбү күнү сатыкка чыга турганын Sputnik кабарчысына долбоордун жетекчиси Алмаз Султанбай билдирди.

Алтай жана бөтөн планеталыктар - кыргызча туңгуч комикстин каармандары
Алтай деген бала жөнүндөгү сүрөттүү аңгемени жаратуучулардын баары бала кездеринен комикске кызыгып келет. Ал тургай, алардын бирөө белгилүү бир комикстин карманынын чыныгы калканын жасаган экен. Эми ал буюм Bulut Studio командасын шыктандырып, эргүү жаратып турат.

Комикс автору жана долбоордун жетекчиси Султанбай аңгеменин мазмуну менен кыскача бөлүштү. Күндөрүн биринде башка планеталыктардын космос кемеси Бишкекте күндү тосуп алат. Алардын башында Конрукс турат экен. Максаты — өзгөчө бир кристаллдын сыры жашырылган Ала-Тоону басып алуу. 

"Кадимки эле мектеп окуучусу Алтайга чоң атасы калтырып кеткен кристталдын кичинекей сыныгы ошол башка планеталыктарды кызыктандыргандан экенин ал өзү да билбейт. Ошол кристаллдын аркасы менен бала бизге катарлаш дүйнөгө туш келет. Ал жакта кыргыз уламыштарынын каармандары жашаган болот", — деп айтып берди Султанбай.

Ошолор менен кошо Алтай башка планеталыктарга каршы чыгат.

Каржынын жоктугу

Эмне үчүн Кыргызстанда чыккан алгачкы комикс жөнүндө шаарда эч жарнама жок деген суроого долбоордун жетекчиси акча жоктугун айтты.

"Биз биринчи жолу чыгарып жатпайбызбы. Ал эми биринчинин баары кыйын болот экен. Анын үстүнө келечекке, мындан бир нерсе чыгарына баары эле ишене бербейт. Баары даяр жана өнүгүп бутуна туруп калгандарды колдогулары келет экен. Ошон үчүн биздин комикс жөнүндө маалыматты колдо бар каражат — Интернет аркылуу жайылтып жатабыз", — деди Султанбай.

Комиксти жаратуунун үстүндө 10 адамдан турган команда иштеп жатат. Баары тең көркөм сүрөт окуу жайынын окуучулары. Султанбайдын айтымында, бир нусканы чыгарууга акысыз, жөн гана чыгармачыл жигери менен иштеп жаткан сүрөтчүлөрдүн жана графикалык дизайнерлердин бир айлык эмгеги кетет экен. 

Бишкектин киоскторунда дүйшөмбү күнү пайда боло турган комикстин биринчи чыгарылышы 2 миң нуска болот. Бардыгы болуп комикстин 10 сериясын орус жана кыргыз тилинде чыгарууну пландап жатышат. Бир журналдын баасы 100 сомго жакын болот.

Маектин аягында Алмаз Султанбай комикстин чыгышын жумбайы экөө күтүп жаткан ымыркайга арнай турганын айтты. 

Кыргыз комикстери

90-жылдардын акырында өлкөдө Адилет атуу каарман жөнүндө комикс мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү боюнча калкка маалымат берүүчү эл аралык уюмдун долбоорунун алкагында чыккан. Эки жыл мурун башка сүрөтчүлөрдүн тобу кыргыз баатыры, зоопаркта бир илбирс денесин тытып алгандан кийин шол жаныбардын күчүнө ээ болгон Барсбек жөнүндө комикстин үстүндө иштеген. Бирок журнал сатыкка чыккан эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0