БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. "Санжыра" радиосунун жамааты Sputnik Кыргызстан сайтынын демилгесин колдоп, Алыкулдун ырларын окуган видеосун социалдык тармакка жайгаштырды.
Долбоордун алкагында Sputnik Кыргызстан сайтынын жамааты Осмоновдун ырын окуу кезегин кесиптеш журналисттерге социалдык тармактан узатышкан.
"Санжыра" радиосунун журналисти Чынара Токонова билдиргендей, радионун жамааты Sputnik сайтынын кызматкерлери узаткан эстафетаны кош колдоп кабыл алышты.
"Sputnik сайтынын талантуу кыргыз акыны Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына арнап өткөрүп жаткан видео долбоорун "Санжыра" радиосу дагы кубаттайт. Ошондуктан саамалыктын алкагында бизге узатылган ыр кесени кош колдоп кабыл алдык. Алыкул Осмоновдун "Мен кыргыздын акыны" ырын сиздерге сунуштайбыз", — деп ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Санжыра" радиосунун жамааты ыр окуу кезегин Кыргыз радиосунун жамаатына узатышты.
Posted by Чынара Токонова on 21 Апрель 2015 г.