Саясат таануучу: АКШ менен ЕБнын саясаты европалыктардын үрөйүн учурат

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүПариж шаары. Архив
Париж шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Какчекеевдин айтымында, азыр Европанын экономикалык саясатын негизинен АКШнын бийлиги аныктайт.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Евробиримдик менен АКШ жетекчиликеринин Россияга каршы иш-аракеттери Европа элдеринин үрөйүн учуруп жана кыжырын келтирет деген оюн айтты саясат таануучу Токтогул Какчекеев, европалыктардын өз ЖМКларына Украинадагы абалды чагылдыруу жагынан ишеними түшкөндүгүн комментарийлеп жатып. 

Европа Украинада окуяларды чагылдыруу объективдүү жүрүп жатканына күмөн санайт
Мурдараак Sputnik мультимедиалуу жаңылыктар агенттиги Британиянын ICM Reseacrh изилдөө компаниясы менен бирге жүргүзгөн сурамжылоолордун жыйынтыгында европалыктардын жарымынан көбү Украинанын түштүк-чыгышындагы окуяларды чагылдырууда өз өлкөлөрүнүн алдыңкы ЖМКларына ишенбестиктиги анык болгон. 

Какчекеев бүгүнкү күндө Европанын экономикалык саясатын негизинен АКШнын бийлиги аныктай тургандыгын белгиледи. 

"Россия менен өз ара пайдалуу шартта кызматташып келген европалыктар АКШнын жеке буйругу менен баарынан кол жууп кала тургандыктарын сезүүдө. Европа элдеринин үрөйүн учуруп жана кыжырын келтирип жатканы ушул", — деп ой бөлүштү эксперт.

Анын айтымында, "ЕБ менен АКШ ортосунда соода келишими түзүлгөнүн эске алсак, азыр Европаны эң начар абал күтүп турат". Европанын тургундары америкалык бизнес европа мамлекеттеринин рыногунда үстөмдүк кылышынан эч пайда болбосун сезип турушат дейт Какчекеев.

"Sputnik.Пикир" долбоору тууралуу маалымдама

Коомдук пикирди иликтөө боюнча эл аралык долбоор 2014-жылдын июлунда башталып, ага Британиянын белгилүү ICM Reseacrh изилдөө компаниясы өнөктөш болгон. "Sputnik.Пикирлер" долбоорунун алкагында эң көйгөйлүү социалдык жана саясий маселелер боюнча Европа өлкөлөрүндө жана АКШда коомдук пикирге карата үзгүлтүксүз сурамжылоолор жүрүп турат. 

Sputnik (sputniknews.com) — ондогон өлкөлөрдөгү мультимедиалык хабдарга ээ маалымат агенттиги жана радио. Sputnik өзүнө сайттары, аналогдук жана сан ариптик радио берүүлөрдү, уюлдук тиркемелери жана социалдык түйүндөрдө беттерди камтыйт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0