Бишкекте канталанын жортуулу жана таракандардын кайтышы күтүлүүдө

© Sputnik / Ратушенко / Медиабанкка өтүүТаракандар. Архив
Таракандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Төшөк канталасы жайылган аймактын кеңейиши биринчи кезекте элдердин тышкы жана ички миграциялык кыймылдарына байланышкан.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Жакынкы арада Бишкектин тургундарынын турак үйлөрүндө кайра пайда болуп жаткан төшөк канталасы менен таракандардын көбөйүшү күтүүдө деп билдирди Мамлекеттик санэпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментин дезинфектолог дарыгери Бермет Сөлпиева.

Адис: Бишкектеги таранчы менен чыйырчыктар экологиянын начардыгынан азаюуда
Адис белгилегендей, таракандар акыркы кезде калаа тургундарынын үйлөрүндө кайра пайда боло баштады. "Жер төшөө астында жашоочу чоң кара таракандар же Blatta orientalis, ошондой эле Blattella germanica деп аталган сары таракандар кезиккен учурлар көбөйүп кетти", — деди Сөлпиева.

Алар акыркы он жылда кескин азайган болчу. Мунун себептери азыр белгисиз дейт ал, бирок ага мурда бардык жерде колдонулган Дохлокс сыяктуу препарттар жардам бериши ыктымал.

"Дезинфекциялоодо курт-кумурскалар уюлган жеринде 80 пайызга чейин жок болуп, калган 20 пайызы мутацияланып препаратка туруштук берүүгө үйрөнүү аракеттин жасашат", — деп түшүндүрдү адис.

Ал таракан төрөлүп, жыныстык жактан жетилгенге чейинки убакыт алты гана ай, ошону менен катар бир ургаачысы 56 жумуртка таштайт деп кошумчалады. Ошон үчүн таракан көбөйүп кетпеши үчүн ууландыруучу заттарды жылына эки жолудан кем эмес колдонуп туруу керек.

"Шаардыктар үчүн төшөк канталасы да көйгөйгө айланды. Ал 2008-2009-жылдары көбөйө баштаганы байкалган", — дейт Сөлпиева.

Cimex lectularius (элде төшөк кынталасы деп аталат) көп учурда жатакана, убактылуу ижарага алынган турак-жай сыяктуу эл жыш отурукташкан жерлерде кездешет. Бул жандыктын тарашы биринчи кезекте ички жана тышкы миграциялык кыймылдарга байланышкан деди дарыгер-дезинфектолог.

Канталанын өзгөчөлүгү – ал 18 айга чейин азыктануусуз жашай алат. Ошондуктан турак-жайларды тазалоо чаралары күчтүү жана үзгүлтүксүз болушу керек деп баса белгиледи ал.

"Эгер өткөн кылымдын 80-жылдарында кантала дээрлик кездешпей калган болсо, 90-жылдардагы "челноктор толкунунан" кийин абал кескин өзгөрдү. Калктын азыркы миграциясы да анын кенен жайылышына шарт түзүүдө", — деди Сөлпиева.

Тазалоо иштерин курт-кумурсканын өзүн гана эмес, ташаган жумурткаларын да жок кыла турган препараттарды колдонуу менен да кылдат жүргүзүү керек, антпесе бир аз убакыттан соң бул курт-кумурскалар тургундардын тынчын ала баштайт деп тыянактады адис.

Жаңылыктар түрмөгү
0