БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Москва шаарында Кыргызстан менен Россиянын билим берүү министрлери жолукканын КРдин Россиядагы элчилигинин маалымат кызматы билдирди.
Билим берүү министри Элвира Сариева Россиянын билим берүү министри Дмитрий Ливанов менен жолугуп, ЕАЭБдин алкагында билим берүү боюнча кызматташууну талкуулашты.
Андан сырткары, жолугушууда мектепке чейинки билим берүү жана окуучуларды китеп менен камсыз кылуу маселеси каралды.