Кыргызстанда Дүйнөлүк китеп күнүн майрамдоо жумалыгы башталды

© Sputnik / Александр Уткин / Медиабанкка өтүүКыргызстанда Дүйнөлүк китеп күнүн майрамдоо жумалыгы башталды
Кыргызстанда Дүйнөлүк китеп күнүн майрамдоо жумалыгы башталды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөлүк китеп күнүнө карата Кыргызстанда бир катар маданий иш-чаралар өтөт. 23-апрелде борбордук аянттагы Курманжан-Датка эстелигинин алдында иш-чаранын расмий ачылышы өтөт.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Өспүрүмдөр жана жаштар арасында китеп окуу жөрөлгөсүн жайылтуу максатында жана 23-апрель Дүйнөлүк китеп күнүнө карата Маданият, маалымат жана туризм министрлиги китеп окуу жумалыгын өткөрүүдө. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

20-апрелден 25-апрелге чейин Кыргызстанда Дүйнөлүк китеп күнүн майрамдоо жумалыгы өтөт. 23-апрелде борбордук аянттагы Курманжан-Датка эстелигинин алдында иш-чаранын расмий ачылышы өтөт. Ошондой эле, китептердин көргөзмөсү ачылып, кыргыз эстрада жылдыздарынын коштоосунда концерт болот.

Ошондой эле, бул маданий иш чараны уюштурууга Билим берүү жана илим министрлиги, ЮНИСЕФ жана Ага-Хан фонду көмөктөшүүдө.

Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүн 2002-жылдан тартып белгилеп келе жатканын КР китеп палатасынын директору Койчуман Момункулов маалымдады. 2004-жылдан баштап "Китеп маданияты" сынагы уюштурулуп келет.

"Жеңүүчүнү аныктоодо китептердин мазмуну, сапаты каралат. Быйыл сынакка катышкан басмаканалардын саны жыйырмадан ашты. 21-апрелде сынактын жыйынтыгы чыгып, 23-апрелде жеңүүчүлөргө белек тапшырылат",- деди ал.

Андан сырткары, жазуучулар менен жолугушуулар уюштурулат. Балдар адабиятына арналган иш чаралар мектептерде, китепканаларда, бала бакчаларда, балдар үйлөрүндө жана мектеп-интернаттарда өтөт.

Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүн белгилөө чечими 1995-жылы ЮНЕСКОнун Парижде өткөн 28-башкы сессиясында китеп окуу маданиятын сактап калуу жана жайылтуу максатында кабыл алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0