Чоң шлемдин беш жолку чемпиону жана оюн учурунда чыгарган үндөрү менен көпчүлүктүн көңүлүн бурган Мария Шарапова 28ке толду.
Sputnik сайты белгилүү спортчунун жашоосундагы кызыктуу фактыларды сунуштайт.
Шарапова амбидекстер, башкача айтканда оң колу менен да, сол колу менен бирдей жакшы ойнойт. Ал 43-өлчөмдөгү бут кийим кийет. Бою 188 сантиметр, салмагы 59 килограмм. Мариянын кортто кыйкырган үнү 105 децибелге (2009-жылкы оюндарда катталган) жетип, анын катуулугу реактивдүү учактын кыймылдаткычынын үнү менен барабар.
Ал дайыма Nike спорт фирмасынын кийимдерин кийип, Head фирмасынын спорттук инвентарларын колдонот.
Мария Шарапова Aroma espresso bar тармактарынын Нью-Йорктогу бөлүмүндөгү куурулган жумуртка салынган сэндвичти жакшы көрөт.
Forbes журналы Шарапованы "Дүйнөдөгү эң таасирдүү 100 атактуунун" катарына кошкон. Ал бул тизмеге кирген жалгыз россиялык болгон.