БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Чек арачылар жарылбай калган 122чи калибрлүү эки снарядды табышканын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.
Снаряд табылган Баткен облусунун Эгиз-Талаа аймагы курчоого алынып, тийиштүү органдарга кабар берилди.
Аталган мекеменин маалымат кызматы билдиргендей, табылган снаряддар 1999-жылдагы Баткен окуялары маалында калып калган болушу ыктымал. Ал жылы өлкөнүн аймагына кирип келген согушкерлерды жок кылуу операциясы жүргөн.