БИШКЕК, 17 апр. — Sputnik. Инвестицияларды рублга салуу зарыл деп бөлүштү америкалык каржы эксперти Жим Рожерс Sputnik International менен маегинде.
"Кимдир бирөө оңой байыгысы келсе, ага рубль жардам болот. Баасы азыр төмөндөп кеткенине карабай, рубль бекемдей турган күн алыс эмес", — деп эсептейт Рожерс.
Эгер Украинадагы каатчылык мындан ары да төмөндөй берсе, анда Россияга каршы санкциялар алып салынат.
Батыш мамлекеттеринин РФке каршы киргизен санкцияларын комментарийлөөдө экономист аларды адилетсиз деген оюн айтты. Анын пикиринде "Россия санкцияга туш болбошу керек эле, себеби Украинадагы мамлекеттик төңкөрүш — Американын жасаганы, ал эле кайра баарын теңирден тескери көрсөтүп, РФти күнөөкөр кылып койду".
Рубль курсунун калыптанышы
Рубль — Россияда эсеп жүргүзүүгө арналган расмий акча бирдиги. РФтин Борбордук банкы рублдун башка валюталарга карата курсун белгилеп турат. Чет элдик акчанын рублга карата курсу деп Россиянын Банкы күн сайын (дем алыш жана майрам күндөрүнөн сырткары) белгилөөчү жана аталган күндүн эртеси күчүнө кире турган курсу эсептелет.