00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Закон о ВИЭ меняется: чьи интересы будут учтены - КР или инвесторов?
08:04
42 мин
Ежедневные новости
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
2026-жылы кайсы акцияларга инвестиция кылыш керек — алтын, балуу кагаздар, криптовалюта
09:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
«Наполеоновские» планы на науку и инфраструктуру — ректор о развитии КРСУ
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Көчөттөрдүн импорту жана экспорту: ЕАЭБде фитосанитардык көзөмөл күчөтүлүүдө
11:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Окумуштуулар министрликке карагананы эрозияга учураган жерлерге көчүрүп, төө багууну сунушташты
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Равшан Жээнбеков: менин түшүндүрмө сураганымды спикер башкача кабылдады

© Фото / пресс-служба ЖК КРЖогорку Кенеш. Архив
Жогорку Кенеш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин спикери депутатты жалган маалымат тараткандыгы үчүн чагымчылдык кылуудан оолак болууга чакырса, депутат анын айткандарын төрага туура эмес түшүнүп алды деп, аны моюндаган жок.

БИШКЕК, 17-апр — Sputnik. Депутат Равшан Жээнбеков Sputnik сайтынын суроолоруна жооп берип жатып, ЖК төрагасынан ал маалыматка түшүндүрмө сурагандыгын, бирок, ал башкача кабыл алды деген пикирин билдирди. 

Бейшемби күнү оппозициячыл депутат Равшан Жээнбеков ЖК төрагасы Асылбек Жээнбековдон Ош окуясы учурунда ал курал тараткан деген маалыматка түшүндүрмө берүүсүн сураган. Буга жооп иретинде аталган маалыматты тараткан Ош облустук жана шаардык ИИБдин мурдагы жетекчиси Абдылда Капаровду сотко берерин, ал эми депутатты чагымчылдыкка күнөөлөп, күбө катары сурала тургандыгын айтты.

Анын айтымында, курал боюнча маалыматты 2010-жылы Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын расмий жетекчиси болгон адам айтып жатат. 

"Мен болгону Жогорку Кеңештин төрагасынан "Мамлекеттеги экинчи адамсыз, курал тараткан деп сизди күнөөлөп жатат, түшүндүрмө берип койбойсузбу" деп талап кылсам, төрага аны башка жагынан кабыл алып жатат", — деди депутат Равшан Жээнбеков.

Бул боюнча Равшан Жээнбеков социалдык маселени көтөргөндүк чагымчылдык деп кабыл алынганын туура эмес деп эсептейт. Парламенттин спикери Асылбек Жээнбеков депутаттын бул аракеттери шайлоо алдындагы кезектеги электорат үчүн жасалган аракет, улут арасындагы мамиледеги чагымчылык деп баалады. 

"Мамлекеттин башындагы расмий адамдар улуттар арасындагы, кандайдыр бир курч, социалдык маселелерди чечкенге чара көрбөсө, аны чагымчылдык деп эсептесе болот. Эгерде оппозициялык маанайдагы депутаттар, саясатчылар кайсы бир маселени көтөрүп, ошону чечүүнү талап кылганы чагымчылдык болсо, дүйнө жүзүндөгү оппозицияны кырып ташташы керек", — дейт оппозициячыл депутат.

Депутат менчиктештирилген объекттер тууралуу күнөөлөөнү моюндабай тургандыгын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0