БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Соцфонддун 2015-жылга карата бюджетин жана 2016-2017-жылга карата бюджеттик божомолду бекитти. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирет.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 19-февралда кабыл алынган. Анда Социалдык фонддун бюджетинин киреше бөлүгүн 40 млрд. 93 млн. сом, ал эми профицитин 108 млн. 855 миң сом менен бекитүү каралган.