БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Бишкек шаарында 8-апрелде таза суу берүү убактылуу токтотула турганын Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
"Бишкексууканалдан" маалымдашкандай, шаршемби күнү саат 9-00дөн 22-00гө чейин "Көк-Жар" суу сактоочу жайындагы оңдоо иштерине байланыштуу таза суу убактылуу токтотулат.
Таза суу жогоруда көрсөтүлгөн убакта темир жолдун, Панфилов, Фрунзе көчөлөрү менен Аламүдүн дарыясынын чегиндеги чарчы аянтта жок болот.