00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
ДТП в Кыргызстане: почему гибнут люди и что с этим делают - отвечает начштаба ГУОБДД
12:05
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда мөңгүлөр эрип жатат — кантип токтотобуз?
13:04
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Мелкий шрифт большой аренды: что обязательно нужно прописать в договоре - советы юриста
14:05
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Биоартүрдүүлүктү сактоо жана браконьерликке каршы күрөш: кандай өзгөрүүлөр бар?
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Кароосуз калган 150дөн ашык баланы багып чоңойткон эне
17:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Без суда и следствия: в Кыргызстане реформируют институт медиации
18:07
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Ормуз кризиси ЕАЭБ мамлекеттерине азык-түлүк жаатында кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачат?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Мелкий шрифт большой аренды: что обязательно нужно прописать в договоре - советы юриста
20:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
6 мин
Ачык кеп
Биоартүрдүүлүктү сактоо жана браконьерликке каршы күрөш: кандай өзгөрүүлөр бар?
21:08
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Сирияга кеткендердин арасында качып келүү тенденциясы арбый баштады

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүИМ тобунун жерде жаткан желеги. Архивдик фото
ИМ тобунун жерде жаткан желеги. Архивдик фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Сириядан кайтып келген Ош шаарынын тургуну Сирияга жихад деген максат менен аттанып, бир нече күндөн кийин көңүлү калып, артка кайтканын айтып берди. Ал келгенден бери намаз окугандан баш тартып, жихадга ишенбей калгандыгын айтты.

Дамаск. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сириялык Усама "Ислам мамлекетинин" азабынан Кыргызстанга качып келди
УКМК Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Ош шаардык жана Ош облустук башкы башкармалыгы аталган аймактан Сириядагы согуштук аракеттерге катышып кайткан үч адамды кармагандыгын билдирген.

Ош шаарынын тургуну Шерзулло Абдрасуловдун айтымында, Сирия аймагында 19 күн болуп, согушту көргөндөн кийин артын карабай качканга аргасыз болуптур.

Анын айтуусу боюнча, Сирияда согуш талаасына аны алып барганда автоматты колдоно алган эмес.

"Бизди Башар Асаддын аскерлерине жакын жерге алып барды. Түнкү экилерде атышуу башталды, тик учактар асманда айланып, танктар жүрө баштады. Мен ыйлап качтым, кетем дедим. Фанат элем, барып ошолорду көрдүм. Туура эмес, жаңылып келгенимди билдим. Анан Стамбулга өткөндөн кийин, апама чалып ыйлап, жолго акча салып жиберүүнү сурандым эле, 600 доллар салып жиберип, ошону менен келдим", — деп айтып берди  Абдрасулов. 

Ал балээнин баары айылдагы мечитке 2011-жылдары келген Саажин аттуу имамдан башталып, жихад туурасындагы үрөндү аң-сезимине ошол киши сээп кеткенин айтып, бул жол адашкандардын жолу экендигин айтып, мекендештеринен, президент Алмазбек Атамбаевден кечирим сурады.

"Жихад – мен үчүн навсул болуп калды. Мага исламга ишенбеген кишини өлтүргөндөн көрө, өз динимен жакшы сөз менен тарткан пайдалуу экен. Мен биринчи Аллага тобо кылам, экинчиден президент Алмазбек Атамбаевден, жалпы кыргыз элинен кечирим сурайм. Бул жактан бошонуп чыксам, жалпы адамзатына зыяным тийбейт. Ал эми Сирияга кетип жаткандарга бул жол жаңылыш экендигин айтып, бул жол туура деп ойлобогула, беш маал намазды окусаңар эле жетиштүү экенин айтаар элем", —  деди Абдрасулов.

Акыркы маалыматтарда Сирияга жихад деген ишеним менен кеткендердин саны 230дун тегерегинде, аларын ичинен 126 адам Ош аймагынан.

Жаңылыктар түрмөгү
0