БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Футбол боюнча Азия чемпионатынын тандоо туру Бириккен Араб эмирлигинде өтө турганын Кыргызстандын Футбол федерациясы билдирди.
Башында матчты 23-31-март күндөрү Пакистандын Лахор шаарында пландалган. Бирок оюндар өтө турган Лахор шаарына жакын жайгашкан Йоханабаддагы чыр-чатактардан улам, Футбол боюнча Азиянын конфедерациясы коопсуздукмаксатында оюндарды Бириккен араб эмирлигинде өткөрүү чечимин кабыл алды.
Тандоо оюндары 16-24 майда Аль-Айн шаарында өтөт. Башкы машыктыруучу Мирлан Эшеновдун оюнчулары "B" тобунда ойноп, Кувейт, Иордания, Түркмөнстан жана Пакистандын командалары менен беттешет.