БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Кытай тараптын демилгеси менен эки өлкөнүн чек арасындагы Торугарт жана Эркечтам текшерип-өткөрүү пунктары 4-апрелден 6-апрелге чейин убактылуу жабыла турганын Мамлекеттик чек ара кызматынын ЖМК жана коом менен байланыш бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, Кытай Эл Республикасы "Маркумдарды эскерүү күнүн" белгилегей тургандыгына байланыштуу чек араны убактылуу жабууну өтүнгөн.
Жогоруда аталган текшерип-өткөрүү пунктары 7-апрелден тарта кайра иштейт.