Энергетиктер: күз-кыш мезгилдерин Кыргызстан жакшы өткөрдү

Жазылуу
Электр кубатын Казакстандан сатып алганына карабай, өлкө кыштан жарыкты өчүрбөй чыкты. "Электр станциялары" ишканасы Борбордук Жылуулук электр борборун оңдоо жана Жогорку-Нарын ГЭС каскадын куруу сыяктуу ийгиликтүү инвестициялык долбоорлорду баштады.

БИШКЕК, 1-апр — Sputnik. Өлкөнүн жылуулук жаратуучу негизги компаниясы — "Электр станциялары" ААКы 2014/15-күз-кыш мезгилдерин ийгиликтүү аяктады деп билдирет шаршембиде Sputnik агеттигине компаниянны коомчулук менен байланыш боюнча жетекчиси Тагжана Айдаралиева.

Анын айтымында, өлкө боюнча адистер ААКка тиешелүү жана жарандардын күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүшүн камсыз кылуучу бардык жабдуулар үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга болгон күч-аракеттерди көрдү. Мында Бишкектин Борбордук Жылуулук электр борборунун иштешине баарынан көп көңүл бурулган.

"Кыш мезгилинде Бишкектин Борбордук Жылуулук электр борбору электр кубатын былтыркы жылдагы күнүмдүк деңгээлинен көп иштеп чыкты. Бишкектин ЖЭБи өлкөнүн түндүгүндө жылуулук бөлүп чыгуучу жалгыз ири булак болуп эсептелет жана 360 Мегаватт жүктү өзүнө алат. Бул ишканада 24 саатта иштелип чыгуучу электр кубаты 8,5 миллион киловатт-саатты түзөт", — деп айтып берди Айдаралиева.

Борбордук Жылуулук электр борборун жаңылоо иши да башталып, аны Кытайдын ТВЕА компаниясы жүргүзүп жатканын кошумчалады ал. 

Борбордук ЖЭБди жакшыртуу долбоору үч баскычта өтөт. Биринчиси калган жабдуулардын ишенимдүүлүгүн камсыз кылууга, экинчиси сегиз казан менен төрт турбинаны чечүүгө багытталат. Алар 2015-жылдын 1-декабрына чейин чечилип бүтүшү керек. Үчүнчү баскычында ЖЭБди жаңылоо иштери аткарылып, 11 турбогенератордун ичинен эскилиги жеткен төртөө алып ташталып, ордуна эки жаңы генератор орнотулат. 

"Ошентип, Бишкектин ЖЭБинде эки эсе көп электр кубатын иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү пайда болот", — деп баса белгиледи маалымат кызматынын башчысы.

Кыргызстанда электр энергиясын колдонуу жылдан-жылга өсүүдө
Токтогул суу сактагычында суунун тартыштыгынан Кыргызстан электр кубатын экспорттонун ордуна Казакстандан сатып алууга аргасыз болду. Бир киловатт сааттын баасы 5 сомду түздү. 

"Электр станциялары" ишканасынын өкүлү КРде энергетика тармагын өнүктүрүү алкагында жаңы ишканаларды куруу жана мурдагыларын жаңыртуу боюнча ири инвестициялык долбоорлор ишке ашырыла баштаганын айтты. Буга Токтогул жана Ат-Башы ГЭСтерин жаңыртуу, Жогорку-Нарын ГЭС каскадын куруу, Камбар-Ата ГЭС-1 кирет.Ошондой эле Камбар-Ата ГЭС-2нин экинчи агрегатын каржылоо жөнүндө активдүү сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Айдаралиева "Электр станциялары" келерки күз-кыш мезгили үчүн Бишкектин Жылуулук электр борборуна отун даярдай баштаганын билдирди. Компаниянын маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, сатуучулар сунуштап жаткан көмүрдүн сапатын изилдей турган атайын комиссия түзүлгөн. 

"Кубаттуулук ресурстарын сатып алуу процессин көзмөлдөө ишин көпчүлүк министрликтер менен ведомстволор, парламенттин депутаттары аткарышы аталган тармакта коррупцияны кыскартууга мүмкүндүк берет", — дейт Айдаралиева.

Компаниядан аталган масштабдуу иштин аркасы менен борбордук ЖЭБ үчүн көмүр сатып алуу коомчулук үчүн ачык жана отчёт берүү шартында жүрөт деп убада кылышты. Мындан тышкары, "Электр станциялары" ААК Азиялык өнүктүрүү банкынын электрондук мамлекеттик сатып алуулар системасын киргизүү боюнча долбооруна кошулган. Бул да аталган тармактагы коррупцияны кыскартууга өбөлгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0