БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Кыргызстандын жарандык авиация агенттиги чет элдик компанияларда колдонулуп жаткан жаңы эрежени киргизиши мүмкүн. Ага ылайык, учактын кабинасында пилот жалгыз калбайт. Бул туурасында Sputnik агенттигине ведомствонун директору Эркин Исаков билдирди.
Мындай тыюу жакында Францияда 150 адамдын өмүрүн алып кеткен Airbus A320 учагынын кыйроосуна байланыштуу бир катар өлкөлөрдө киргизилди. Кырсык болгон жерден табылган учактын кара кутусундагы жазуулар экинчи учкуч лайнерди атайылап жерди көздөй бургандыгын көрсөткөн.
Кыргызстандын жарандык авиация агенттигинин директору Эркин Исаков билдиргендей, учурда мекеменин кызматкерлери КРдин Аба кодексинин ченем актыларына анализ жүргүзүүдө. Эл аралык эрежелерге ылайык, аба кемеси жерден көтөрүлгөндө жана жерге конуп жатканда кабинанын ичинде эки пилот болушу керек. Ал эми асманга көтөрүлгөндөн кийин учактын конструкциясына жараша кабинада эки, же бир киши калса болот.
"Кабинада эки киши эрежесин" сактоо Бириккен араб эмираттары, Канада, Австралия, Франция жана бир катар башка өлкөлөрдүн авиакомпанияларына кеңеш кылынды.