125 кг героин табылган автомашинаны тинтүү учурунда тартылган ыкчам тасма

Жазылуу
Атайын кызматтардын берген маалыматы боюнча, 125 килограмм героин менен кармалган кылмыштуу топ көп убакыттан бери баңгизатты Түркия — Иран — Түркмөнстан — Тажикстан — Кыргызстан — Казакстан — Россия — Бельгия маршруту аркылуу аткезчилик жол менен ташып жүргөн.

УКМКнын кызматкерлери автомашинанын чиркегичин текшерүү учурунда анын таманына катылган баңгизаттарды тапкан. Ар бири 500-550 грамм болгон брикеттер табылган. Анын жалпы салмагы 125 килограммды түзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0