БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. 24-март жумуш күнү экенин Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги эскертти.
2012-жылдын май айында Жогорку Кеңештин депутаттары Эмгек кодексине өзгөртүү киргизип, элдик революция күнү катары кабыл алынган 24-мартты дем алуу күндөрүнүн тизмесинен чыгарышкан.
24-мартты дем алыш күн катары белгилөө боюнча Эмгек кодексине өзгөртүү 2008-жылы IV чакырылыштагы депутаттар тарабынан киргизилген болчу.