Ат-Башы районунда кутурма дартына каршы эмдөө жүргүзүлүүдө

© AFP / Vyacheslav OseledkoМал айдоо. Архив
Мал айдоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутурма дарты чыккан аймактар чектелип, мал эмделүүдө.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Нарын облусунун Ат-Башы районунда малды эмдөө иштери улантылууда. Дарттын алдын алуу үчүн 4000 доза вакцина алынып келгендигин дүйшөмбүдө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Нарын облусунун Ат-Башы районунда кутурма дарты аныкталып, 11-мартта район аймагына карантин киргизилген. 

Ат-Башы районундагы Кара-Суу айыл аймагында Жибек-Жолу айылынын тургунунун букасы 2015-жылдын 5-мартында кутурма оорусуна шектүү деп өлтүрүлгөн. Ошондой эле, Ат-Башынын Ак-Сай өрөөнүндөгү Сары-Иймек кыштоосунда 1 кой жана 1 эчкини түлкү тиштеп кутурма дартына шектелген.

Ат-Башы районунда кутурма дарты боюнча карантин киргизилди
Шектүү малдардын баштары кесилип республикалык ветеринардык дартты аныктоо жана экспертиза борборуна жөнөтүлгөн. 10-мартта чыккан жыйынтык боюнча малдан кутурма дарты аныкталган. 

11-мартта Ат-Башы районунун мамлекеттик администрациясы Сары-Иймек кыштоосуна жана Жибек-Жолу айылына кутурма оорусу жайылып кетпес үчүн чектөө киргизген.

Ак-Сай өрөөнүнүн Сары-Иймек кыштоосунда 360 чарчы метр жер дезинфекцияланып, 6 адамга алгачкы вакцинация иштери жүргүзүлдү. Аталган кыштоодогу малды эмдөө үчүн 1000 доза вакцина алынып келинген. Учурда 133 баш майда жандык, 36 баш топоз, 10 баш жылкы эмделди.

Кара-Суу айыл аймагына караштуу Жибек-Жолу айылында 50 чарчы метр жер дезинфекцияланып, 5 адам кутурмага каршы эмделди. Айыл жериндеги малды эмдөө үчүн 3000 доза вакцина алынып келинген.

Эгер эмдөө иштери жүргүзүлгөндөн кийин 16 күндүн ичинде жаңы учурлар катталбаса, карантин алынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0