БИШКЕК, 14-мар — Sputnik. Президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча комиссиянын төрагасынын орун басары Алмаз Кулматов кызматынан бошотулду. Бул туурасында президент атайын буйрукка кол койгондугун анын маалымат кызматынан кабарлашты.
Кулматов президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча комиссиянын төрагасынын орун басарлыгына 2014-жылдын 7-февралында президент тарабынан дайындалган.