ИМ кагылышууларда химиялык курал колдонууда дейт ирактык жоокерлер

© REUTERS / THAIER AL-SUDANIФлаг исламского государства
Флаг исламского государства - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Террористтер хлор толтурулган фугастарды колдонушту. Химиялык куралдын таасири Ирактын Тикрит районунда катталды.

БИШКЕК, 13 мар — Sputnik. ИМдин согушчандары Тикритте Ирактын аскерлери менен кагылышууда химиялык куралды — хлор камтылган фугастарды колдоно баштады деп билдирет РИА Новости "Би-би-си" телерадиокорпорациясына таянуу менен.

Ирактык сапёр Хайдер Тахирдин билдирүүсү боюнча Тикрит районундагы атышуулар тартылган видеодо жарылган бомбадан чыккан сары-кызыл газдын чыгышы көрүнөт.

"Террористтер жаңы ыкманы колдонууда. Алар колго жасалган фугастарды уулу хлор менен толтуруп пайдаланып жатышат", — дейт Тахир.

Өткөн жылы Ирактын Коргоо министрлиги ИЛИМ хлорду пайдаланып жаткандыгын тастыктаган. 2014-жылдын күзүндө террористтер Ирактын Хит шаарына хлорлуу октор менен чабуул жасашкан. Бирок уулуу газ аз болгондуктан, олуттуу кесепеттерге алып келген эмес. 

Химиялык куралдар боюнча эксперт Хамиш де Бреттон Гордон жихадчылар Ирактын тургундары менен аскерлеринин арасында жөн эле дүрбөлөң салгылары келип жатат деп эсептейт.

"Газ менен көп дем алганда гана ал өпкөгө олуттуу зыян келтириши ыктымал. Террористтер хлорду Ирактын элине психологиялык таасир берүү үчүн эле колдонуп жатат деп ойлойм", — деген пикирин билдирди Гордон согушчандардын жаңы чабуул ыкмасы жөнүндө.

ИМ Ирак менен Сириянын бир топ жерлерин басып алуу менен бүтүндөй дүйнөнүн көйгөйүнө айланды. Өзүлөрү басып алган жерлерде жихадчылар "халифат" жарыялап, азыр өз карамагындагы жерлерди кеңейтүүнү пландоодо. БЧБнын маалыматына ылайык, "Ислам мамлекетинин" катарында согушчандардын саны 30 миңге жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0