00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Михаил Булгаковдун чыгармачылыгы: маданий көргөзмөнүн мааниси жана максаты
11:08
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Почему растут цены на топливо и что будет дальше - мнение нефтетрейдеров
12:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жаңы көмүр кендери ачылат — 2026–2027-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык башталды
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Миллионы на алтарь империи: кто и зачем планировал геноцид китайского народа — беседы о Китае
14:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Кыргызстанда демографиялык өзгөрүү: төрөлүү эмне үчүн азайып жатат?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Коомго чакырык! «Балам» тасмасы маанилүү суроолорду койду
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
10 мин
Будь в курсе
1 апреля стартует электронная запись в школы: как избежать проблем прошлого года?
20:11
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Тажикстандын оппозиция лидерин үй-бүлөсүнүн көз алдында Стамбулда атып кетишти

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүТапанча. Архив
Тапанча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуяга күбө болгондор Тажикстандагы радикалдык оппозиция кыймылынын башчысы Умарали Кувватовду атаар алдында тажикче ага кыйкырганын айтышууда. Бирок, эмне деп кыйкырганын так угушкан эмес. Кувватов балдарынын жана аялынын көз алдында каза болгонун Түркиянын Sabah газетасы жазып чыкты.

БИШКЕК, 6-март. — Sputnik. Стамбул шаарында Тажикстандагы радикалдык оппозиция кыймылынын башчысы Умарали Кувватовдун өлүмүнө анын коногунун тийиштиги болушу мүмкүндүгүн РИА Новости Түркиянын Sabah гезитине шилтеме берүү менен билдирди.

Тажик бийлигинен жашырынып, Түркияда жашап жүргөн Кувватовду бейтааныш киши жума күнгө караган түнү үй-бүлөсүнүн көз алдында башка атып өлтүргөн.

Sabah гезитинин маалыматына ылайык, Кувватов бир күн мурда өзүн Сулейман деп тааныштырган жердешин Стамбулдун Фатих районундагы үйүнө конокко чакырган.

"Чогуу тамактанган үй-бүлө мүчөлөрү өздөрүн дароо жаман сезип башташкан. Жергиликтүү ооруканага баруу үчүн жолго чыккан Кувватовдордун артынан белгисиз киши акмалап келип, аны башка аткан", — деп жазат басылма.

Окуяга күбө болгондор Тажикстандагы радикалдык оппозиция кыймылынын башчысы Умарали Кувватовду атаар алдында тажикче ага кыйкырганын айтышууда. Бирок, эмне деп кыйкырганын так угушкан эмес. Кувватов балдарынын жана аялынын көз алдында каза болгонун Түркиянын Sabah газетасы жазууда.

Жергиликтүү полиция тарабынан оппозиционердин үйүнө конокко келген киши кармалды. Кувватовдун үй-бүлө мүчөлөрү аны кечки тамак учурунда өзүн өтө эле шектүү алып жүргөнүн айтышууда. Сулейман тамак учурунда телефон аркылуу такай сүйлөшүп турган, балким ал тамакка уу да кошуп коюшу мүмкүн деп алар шектенишүүдө.

Умарали Кувватов 2012-жылдын аягында Тажикстандан чыгып кеткенден кийин "24" аттуу оппозициялык кыймыл түзгөн. Кувватовдун айтымында, "Фароз" компаниясынын жетекчилиги такай аңдууга алынгандыктан ал Тажикстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Алгач ал Москвага кеткен, андан кийин Бириккен Араб эмираттарына келген. Ал жактан аны Тажикстандын суранычы менен камакка алышкан. Бирок, аны тажик бийлигине өткөрүп беришкен эмес. Андан соң ал Түркиянын Стамбул шаарына келген болчу.

Оппозициянер расмий Душанбени коррупциялык иштерге аралашкан жана трайбализм менен дайыма айыптап келген. Былтыр күз айында ал Тажикстандын тургундарын парламент имаратынын алдына митингге чыгууга чакырган, бирок митинг болбой калган. Өзү түзгөн кыймыл аркылуу каршылык акцияларын уюштурууга аракеттер көрүлгөндө, анын кыймылы экстремисттик деп табылып, өлкө ичиндеги ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0