Бишкекте Мамлекеттик туунун урматына акция өттү

Жазылуу
Бишкектин түштүк-чыгыш тарабына жайгашкан Дайыр Асанов атындагы сейил бакта Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин демилгеси менен студенттердин жана эстрада ырчыларынын катышуусунда мамлекеттик туу күнү белгиленди.

1992-жылдын 3-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген Кыргызстандын мамлекеттик туусуна быйыл 23 жыл толот. Майрамдык иш-чарада министрликтин өкүлдөрү куттуктоолорун айтышты. Андан кийин студенттер эстрада ырчысы Гүлнара Тойгонбаеванын "Асаба" аттуу ырынын клибине тартылышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0