Кытай 66 жылдан бери биринчи жолу Улуу жеңиштин урматына аскер жүрүшүн өткөрмөкчү

© REUTERS / StringerКытай аскерлери. Архив
Кытай аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экинчи дүйнөлүк согушка катышкан эң ири мамлекеттердин жетекчилери, азиялык лидерлер, Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөлөрү жана башкалар бул иш-чараларга чакыруу алышат деп белгиленет Кытайдын ТИМинин билдирүүсүндө.

БИШКЕК, 3-мар — Sputnik. 1949-жылдан бери биринчи жолу КЭРдин бийлиги Экинчи дүйнөлүк согуштагы Улуу жеңиштин 70 жылдыгына арналган аскер салтанатын өткөрөт деп билдирет РИА Новости өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине таянуу менен.

1949-жылы Кытай Элдик Республикасы түзүлгөндөн тартып мамлекетте аскер салтанаттары өлкөнүн түзүлгөн күнүнө арналып гана өткөрүлүп келген. Кытай бийлиги 1960-жылдын акырында мындай иш-чараларды он жылда бир жолу уюштуруп туруу чечими кабыл алынып, акыркысы 2009-жылы өткөн. Ошондуктан быйылкы аскер жүрүшү акыркы 66 алты жылдан бери өлкөнүн көз карандысыздык майрамына арналбаган биринчи салтанат болмокчу. 

Германиянын фашисттик баскынчылары менен Япониянын милитартисттерине каршы согуштагы Улуу жеңишти Кытай бийлиги 3-сентябрь күнү Пекин шаарында аскер техникасы жана куралдардын катышуусу менен белгилейт деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө. Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хуа Чуньиндин расмий билдирүүсү дүйшөмбү күнү ведомствоунун интернет-порталында жарыяланган.

"КЭРде жана дүйнөдө калыптанган салттарга ылайык, расмий кечелер, салтанаттуу жыйындар жана аскер техникасынын жүрүшү борбор шаарда Улуу жеңиштин 70 жылдыгына арналып өтөт. Мамлекет башчысы жана башка расмий адамдар майрамдык иш-чараларга катышмакчы", — деп айтылат билидрүүдө.

ТИМдин бул кабары дүйнөлүк мамлекет башчыларынын катышуусунда аскер салтанаты өтө тургандыгы жөнүндө ЖМКлардын билдирүүлөрүн ырастады.

"Экинчи дүйнөлүк согушка катышкан эң ири мамлекеттердин жетекчилери, азиялык лидерлер, Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөлөрү жана башкалар бул иш-чараларга чакыруу алышат", — деп белгиленет билдирүүдө.

Россия лидери Владимир Путин Пекинде өтүүчү салтанатка катышууга макулдугун берди. Өз кезегинде КЭРдин төргасы Си Цзиньпин 9-май күнү Москвада өтө турган салтанаттарга катышууга чакырууну кабыл алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0