БИШКЕК, 28-фев — Sputnik. Курман болгондордун жетимиш алты сөөгүн Украинанын февраль айында эң тынчсыз болгон Дебальцево шаарынан куткаруучулар алып чыкты деп билдирет РИА Новости ДЭРдин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматына таянуу менен.
ӨКМдин маалымат катчысы Юлиана Бедилонун айтымында, муну ким жасаганы аларга белгилүү.
"Куралдуу кагылышууда курман болгондордун саны тууралуу маалымат Москва убактысы боюнча саат 08.00дө ырасталды", — деди Бедило.
Украинанын Коргоо министрлигинин башчысынын орун басары Петр Мехеданын, мурдараак жергиликтүү телеканал шилтеме жасаган маалыматына ылайык, райондон 15 сөөк алынып чыккан. Ошол кезде аларды таануу жүргүзүлө элек болчу. Аскер кызматкери согуш талаасында курман болгондор калган жок деди деп билдирген телеканал.
Украинанын эң ири темир жол түйүнү болуп эсептелген Дебальцевонун аймагында февраль айында ыктыярчылар менен күч топторунун катуу салгылашуулары болгон. Ыктыярчылар тарап 2015-жылдын 19-февралында өз душманын курчоого алып, шаарды көзөмөлдөөнү өз колдоруна алгандыгын жарыялашкан. Киевден аскерлер атайы чегинип, Артемовскко жайгашты деген билдирүүлөр келген.
Дээрлик бир жыл мурун Украинанын бийлиги мамлекеттик төңкөрүшкө нааразы болгон жарандарга каршы аскер аракеттерин баштаган. Негизинен бул өлкөнүн түштүк-чыгыш аймагынын тургундары. БУУнун жаңы маалыматтарына караганда, 5,7 миңге жакын карапайым тургундар согуштун курманы болду.