00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

ИМ 200дөн ашык ассириялык христиандарды кармап алгандыгын БУУнун КК сынга алды

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүГенеральный секретарь ООН Пан Ги Мун. Архивное фото
Генеральный секретарь ООН Пан Ги Мун. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөлүк уюмдун башчысы мурдараак Сирияда барымтага алынган христиандарды бошотууга чакырган жана Сирияда кармалган бардык карапайым тургундарды коё берүү зарылчылыгы тууралуу кайра билдирген.

БИШКЕК, 26-фев — Sputnik. БУУнун Коопсуздук кеңеши Сирияда колго түшүрүлгөн ассириялык христиандарды токтоосуз бошотууну сурайт деп билидрет РИА Новости Кеңештин шаршемби күнү кечинде кабыл алынган билдирүүсүнө таянуу менен.

Мурдатан кабарлангандай, "Ислам мамлекети" (ИМ) террористтик уюмунун согушчандары 23-февралда Сириянын Эль-Хасика провинциясында жашоочу 270 ассириялык христиандарды кармап алышкан. Ливандын ассириялык башкы чиркөөсүнүн кызматкери Саргон Имдин согушчандарынын колуна түшкөн ассириялык христиандардын саны 200дөн ашык болушу мүмкүндүгүн РИА Новости агенттигине ырастады.

"Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү ИМ 2015-жылдын 23-февралында Сириянын түндүк-чыгышында жүздөн ашуун ассириялыктарды кармап кеткендигин, ошондой эле христиан шаарларын кыйратып кордогондугун катуу сынга алат", — деп айтылат таратылган билдирүүдө.

БУУнун КК мүчөлөрү мындай кылмыштар ар түрдүү диндин жана улуттардын өкүлдөрү болгон карапайым жашоочуларга карата жасалган миңдеген кылмыштар үчүн жооптуу болгон ИМдин ырайымсыздыгын дагы бир жолу далилдейт деп белгилешкен. 

"Коопсуздук кеңеш ИМ, "Фронт Ан-Нусра" жана башка "Аль-Каида" менен байланышы бар бардык топтор менен бирикмелер тарабынан кармалган бардык адамдарды токтоосуз жана эч шарт коюусуз бошотууну сурайт жана мындай ырайымсыз кылмышка күнөөкөрлөр жоопко тартылышы керектигин баса белгилейт", — деп айтылат документте.

Мурдатан БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун Сирияда барымтага алынган христиандарды бошотууга чакырган жана Сирияда кармалган бардык карапайым тургундарды коё берүү зарылчылыгы тууралуу кайра билдирген.

Рфтин ТИМ да Имдин согушчандары ассириялык христиандарды кармашын кескин сынга алды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0