ММБФ менчиктештирилген 12 кинотеатрды мамлекетке кайра кайтармакчы

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКинотеатр. Архив
Кинотеатр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду келишим боюнча милдеттемелерин аткарбагандык үчүн 12 кинотеатрды сатып алуучулар менен сатуу-сатып алуу келишимин жоюу жөнүндө арызы менен сотко кайрылды.

БИШКЕК, 26-фев — Sputnik. Кыргызстандын Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду сатып алуучулар келишим боюнча милдеттемелерин бузгандыгы үчүн 12 кинотеатрды мамлекетке кайра кайтармакчы деп билдирет ведомствонун маалымат кызматы.

Кинозал. Архив. - Sputnik Кыргызстан
Салыкчылар борбордогу алты кинотеатр кирешелерин жашыргандыгын аныкташты
ММБФ келишимдерди жоюу жөнүндө арыз менен сот органдарына кайрылгандыгын белгилейт.

"Мамлекеттик мүлктү мамлекеттин ээлигинен ажыратуу жана менчиктештирүү жөнүндө" КРдин мыйзамына ылайык менчиктештирүү порграммасын ишке ашыруунун алкагында фонд мамлекеттик менчик алдындагы объекттерди жеке жана юридикалык тараптарга сатуу-сатып алуу келишимдеринин негизинде саткан деп эскертет ММБФ. 

"Түзүлгөн келишимдерге, ошондой эле ишкердик пландарга ылайык, мамлекеттик мүлктү сатып алуучулар имараттарды оңдоо-курулуш иштерин жүргүзүү, реконструкциялоо жана баштапкы максатына ылайык пайдалануу милдеттерин өзүнө алышкан. Бүгүнкү күндө келишимдик милдеттемелерди аткаруу боюнча ММБФтин бир нече жолку эскертүүлөрүнө жана текшерүлөрүнө карабай, инвесторлор тараптан келишимдин шарттары одоно бузулуп жатат", — деп түшүндүрүштү ведомстводон.

Сатуу-сатып алуу келишимин жоюу жөнүндө төмөнкү объекттер боюнча сотко арыз берилди:

  1. "Мир" кинотеатрынын мүлктүк комплекси, Чүй областы, Кант шаары. 1995-жылдын 29-декабрында менчиктешилген.
  2. "Комсомолец" кинотеатры, Талас шаары. Менчиктешилген күнү — 16-май, 2011-жыл.
  3. Токтогул атындагы сейил бактын жайкы кинотеатры, Жалал-Абад шаары. 2011-жылдын 14-июнунда менчиктешилген.
  4. "Салкын" кинотеатрынын мүлктүк комплекси, Бишкек. 2007-жылдын 14-майында менчиктешилген.
  5. "Строитель" кинотеатры, Кара-Балта шаары. 1998-жылдын 18-февралында менчиктешилген. 
  6. Курулуп бүтө элек 500 орундуу кинотеатр, Ысык-Көл областы. Менчиктешилген мезгили — февраль, 1997-жыл.
  7. Жайкы кинотеатр, Александровка айылы, Чүй областы. 1996-жылдын мартында менчиктешилген.
  8. К имени Бөкөнбаев атындагы кинотеатр, Токмок шаары. 1993-жылдын февралында менчиктешилген.
  9. "Достук" кинотеатры, Кызыл-Кыя шаары. 1999-жылдын 11-октябрында менчиктешилген.
  10. "Западный" кинотеатры, Ош шаары. 1999-жылдын октябрында менчиктешилген..
  11. Жайкы кинотеатры, Кызыл-Кыя шаары. 1999-жылдын августунда менчиктешилген.
  12. "1-май" кинотеатры, Ош шаары. 1999-жылдын 11-мартында менчиктешилген.
Жаңылыктар түрмөгү
0