Анапияевдин өлүмүнө күбө адам ИИМнын коргоосунда деп билдирди адвокат

© Sputnik / Александр Юрьев / Медиабанкка өтүүМилиция кызматкери. Архив
Милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алмамбет Анапияевдин өлүмү боюнча күбө адамдын адвокаты Кайрат Загибаев Абилазизов ИИМнын коргоосу астында турат жана аны күбөлөрдү коргоо системасына киргизүүлөрү керек деп билдирди.

БИШКЕК, 26-фев — Sputnik. Алмамбет Анапияевдин өлүмүнө күбө Гүлжигит Абилазизов ИИМнын коргоосунда деп билдирди маалымат жыйынында адвокат Кайрат Загибаев.

Мурдараак Кыргызстандын Ички иштер министрлигинен маалымат булагы Анапияевдин өлтүргөндүк үчүн эки шектелүүчү – бири КРде, экинчиси Минскте –кармалгандыгын билдирген болчу. 

Адвокаттын айтымында, тааныштары аркылуу ага Гүлжигит Абилазизов кайрылып, киши өлтүрүүгө күбө болдум деп айткан. 

"Абилазизовдун айтуусу боюнча, ал Анапияевдин ашпозчусу болуп иштечү. Анын өлтүрүлүшүнө күбө болгон, Минсктен качып келип, эми жардам сурап жатат. Мен аны азыркы ИИМ жетекчилиги ишеничтүү экенине ынандырдым. Министрлик күбөлөрдүн укугун коргоону демилгелеген. Биз аны күбөлөрдү коргоо системасына киргизүү арызы менен кайрылдык. Уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалык токтоосуз тергөө иштерин жүргүзүп, Гүлжигит суракка алынды. Ал азыр ИИМнын коргоосу астында утрат", — деп айтып берди адвокат.

Борьба с преступностью - Sputnik Кыргызстан
Анапияевди өлтүрүүгө шектелген эки киши кармалды
Колу-буту байланган эркек кишинин жансыз денеси 18-февралда Минсктин Карл Либкнехт көчөсүндө автоунаанын багаж бөлүгүнөн табылган. Беларуссияга келген туугандары өлгөн адам эл аралык издөө жарыяланган Анапияев экендигин таанышкан. 

Күбөлөрдү коргоо системасы сот териштирүү иштери жүрүп жаткан учурда жана, зарылчылыгына жараша, ал аяктагандан кийин да күбөлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу чаралары болуп эсептелет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0