Грузиянын атайын өкүлү РФ менен диалогду улантуу маанилүү экендигин белгилейт

© Sputnik / Иван Руднев / Медиабанкка өтүүРоссиянын жана Грузиянын желегин кармаган адамдар. Архив
Россиянын жана Грузиянын желегин кармаган адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыр Россия менен Грузиянын ортосунда диалогдун эки түрү бар. Алар Женева дискуссиялары, ошондой эле Абашидзе менен Рфтин ТИМ башчысынын орун басары Григорий Карасиндин Прагада жүрүп жаткан жолугушуулары.

БИШКЕК, 24-фев — Sputnik. Россия менен мамилелерди жөнгө салуу боюнча Грузиянын премьер-министринин атайын өкүлү Зураб Абашидзе Россия менен диалогду улантып жана байланышты колдоонун маанилүүлүгүн белгиледи деп билдирет РИА Новости.

Азыр Россия менен Грузиянын ортосунда диалогдун эки түрү бар. Алар Женева дискуссиялары, ошондой эле Абашидзе менен Рфтин ТИМ башчысынын орун басары Григорий Карасиндин Прагада жүрүп жаткан жолугушуулары. Кезектеги жолугушуу 26-февралда болот, анын жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелер маселесин талкуулашмакчы.

"Эң башкысы, биз диалог баштадык жана бири-бирибиз менен күнү-түнү каалаган убакта байланышууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. 2008-жылы дипломатиялык мамилелер үзүлгөндөн кийин 2012-жылга чейин укмуштуудай жагдайга кабылдык – бул мезгилде бир да түз байланыш болгон жок. Телефон менен да эч кимге чала алган жокпуз… Биз диалогдун улантылышын колдойбуз", — деди Абашидзе РИА Новости менен болгон маегинде.

Өлкөлөр ортосундагы байланыштын мааниси жөнүндө айтып жатып, Абашидзе Дарьял капчыгайында болгон бир окуяны мисал келтирди. Грузиянын ал капчыгайы аркылуу Россияны Закавказье өлкөлөрү менен байланыштыруучу аскердик жолу өтөт. Өткөн жылдын жаз жана жай мезгилдеринде ал жолдо эки жолу жер көчкү болуп, бир нече адам жабыр тарткан.

"Өткөн жайда Дарьял капчыгайында эки жолу жер көчүп, чек ара менен көчкүнүн ортосунда машина менен бара жаткан орустар да, армяндар да калган экен. Ал жекшемби күн болчу. Мен Карасин менен шашылыш байланышып, болгон окуяны айтып, кишилериңерди уюштургула, ӨКМ керек, ал-бул дедим. Табият чек арага карабайт, мындай окуя эртең силерде да болушу мүмкүн дедим. ӨКМ тез эле чара көрүп, кишилерди алып чыгышып, күйүүчү май алып келишти. Антпесе, кырсык болуп кетмек. Ал жерде киши көп болчу, турисстер көп каттап жаткан убак эле", — деп айтып берди Абашидзе. Анын айтымында, эң башкысы "байланыш нугу бар"

2008-жылдын августунда Россия Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын тааныгандык үчүн Тбилиси Москва менен дипломатиялык мамилелерди токтоткон. 2012-жылдын 1-октябрында парламенттик шайлоонун натыйжасында бийликке келген Грузия өкмөтүнүн өкүлдөрү өлкөнүн тышкы саясатындагы эң артыкчылыктуу маселелердин бири деп РФ менен мамилелерди жакшыртууну аташкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0