ЕАЭБ өлкөлөрүндө роумингдин баасы төмөндөйт

Жазылуу
ЕАЭБ өлкөлөрүндө уюлдук байланыш операторлорунун роумингге карата баасы Евразиялык экономикалык биримдиктин бардык жарандары уюлдук байланыш кызматын бирдей колдоно алышы үчүн төмөндөтүлөт.

БИШКЕК, 20-фев — Sputnik. Евразиялык экономикалык биримдиктин бардык өлкөлөрүнүн аймагында роумингдик байланыштын баасын төмөндөтүп, бир тарифке келтирүү каралууда деп билдирди Евразиялык экономикалык комиссиянын монополияга каршы жөндөштүрүү департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Александр Курильчик.

"Белоруссиянын, ал турсун, Россия менен Казакстандын чегинен чыкканда, уюлдук байланыштын баасы ашыкча эле кымбат экендигин айта алабыз. Эл аралык чалуулар менен уюлдук операторлорлордун түйүндөрүнөн роуминг аркылуу чалуулардын негизги тарифтери 4,4 — 5,9 эсе айырмаланат", — дейт департамент башчысынын милдетин аткаруучу.

Анын айтымында, азыр эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен байланыш операторлорунун калыс роуминг принциптеринин долбоору даярдалды. Экономикалык негиздүү тарифтер ачык-айкын орнотулат деп күтүлүүдө. Мындан тышкары, бааларды теңдештирүүдөн чыгымдар азайып, бардык абоненттер мобилдүү байланышка бирдей мүмкүнчүлүк алат.

"Ошентип, байланыш операторлорунун ыктыярдуу аракеттеринин аркасында роумингдин баасын акырындык менен төмөндөтүп, аны ЕАЭБ аймагында бирдей кылуу пландалууда. Роумингдин тарифи төмөндөгөндө операторлор трафиктин өсүшүнөн киреше таба алат. Анын аркасында абоненттер менен операторлордун кызыкчылыктары тең бирдей эсепке алынат", — деп баса белгиледи Курильчик.

ЕЭКтин кызматкеринин сөзүн Кыргызстандын Монополияга каршы мамлекеттик жөндөштүрүү агенттигинин башчысы Болсунбек Казаков да ырастайт. Анын пикиринде, ЕАЭБда роуминг тарифтерин теңдештирүү баарына жакшы болот. Бул толугу менен 2017-жылы ишке ашуусу мүмкүн дейт ал.

"Европа биримдигинде түз жөндөштүрүү киргизүүнү аркасында роумингдин баасы абдан төмөндөгөн. Азыртан эле биз уюлдук байланыш компанияларына роуминг кызматынын баасын акырындык менен төмөндөтө баштоону сунуштап жатабыз. Эгер алар каршылык көрсөтсө, түз жөндөштүрүү киргизилиши мүмкүн", — деп белигледи Казаков.

Январдын аягында ЕАЭБ мамлекеттеринин монополияга каршы орган жетекчилеринин отурумунда жумушчу топ түзүлүп, ал ЕАЭБ аймагында калыс роуминг эрежелери боюнча сунуштарды иштеп чыкмакчы. 

Өлкөнүн алдыңкы уюлдук байланыш компанияларынын өкүлдөрү да Евразия экономикалык биримдигине кирчү өлкөлөрдө роуминг тарифтерин теңдештирүүгө карата өз пикирлерин билдирди. MegaCom соода маркасына өкүлчүлүк кылуучу "Альфа Телеком" ЖАО алар ЕЭКнын чечими тууралуу билишерин жана азыр компания эсептерди жүргүзүп жатканын айтты.

"Мажбурлоо процедурасы азыр каралган жери жок, себеби тарифтерди кайра эсептеп чыгуу — узакка созулуучу жана чоң жумуш. Азыр уюлдук оператор мунун үстүндө иштеп жатат", — деп билдиришти Sputnik кабарчысына компаниянын маалымат кызматынан.

Beeline операторунун коомчулук менен байланыш боюнча директору Татьяна Шахин-Байло роумингди жөндөштүрүү маселеси Аймактык байланыш шериктештигинин алкагында бир нече жолу көтөрүлгөн дейт. Аталган шериктештикте өлкөлөрдүн телекоммуникациялык жана башка мыйзамдарын бири-бирине шайкеш келтирүү жана көп тараптуу жөндөштүрүүнүн жол-жоболору үчүн эл аралык укуктук негиздерди иштеп чыгуу боюнча аракеттер жүрүп жатат. Бул иш КМШ мамлекеттеринин, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн телекоммуникациялык тармактарын андан ары интеграциялоого негиздерди түзүп, роумингдин бааларын теңдештирүүнүн экономикалык негизин түптөмөкчү.

"Иштелип чыгып жаткан жол-жоболордо Европа биримдигинин башынан өткөн жана ЕАЭБ сөзсүз туш келе турган интеграциянын баштапкы баскычтарын эске алынып, жана Эл аралык электр байланыш биримдигинин роумингди жөндөштүрүү жана эл аралык байланыш кызматы боюнча кеңештерине негизделет. Тармактын ЕАЭБнын бардык өлкөлөрүнө мүнөздүү болгон бир катар системалык маселелерин чечүү керек. Алардын катарында сырттан кирүүчү эл аралык трафикти жерлештирүүгө карата операторлор аралык акыны теңдештирүү маселелеси да бар", — деди Шахин-Байло.

"Белгилейин дегеним, бул демилгени анык ишке ашыруу үчүн эл аралык байланыштын тарифтерин жөндөштүрүп жана маселенин бардык жагын изилдеп чыгуу зарыл. Болбосо, трафик теңдештирилбей калган учурда акысыз роуминг операторлордун эл аралык байланыштан түшүүчү кирешесине олуттуу таасир кылып, түйүндөрдү өнүктүрүүгө жумшалган инвестицияларды кыскартышы ыктымал", — деп түшүндүрдү адис.

Ал Beeline-Кыргызстан да курамына кирүүчү "ВымпелКом" компаниялар тобу КМШ өлкөлөрүндө роумингдин баасын 2010-жылы эле баарынан биринчи төмөндөткөнүн жана байланыштын бардык түрлөрдүн роумингдин баасын дагы кыскартуу боюнча ырааттуу иш жүргүзүп жатканын белгиледи.

"Бул иштин алкагында Beeline-Кыргызстан "Роуминг Казакстанда үй баасы менен" деген акцияны киргизген. Агы ылайык, Казакстандын аймагында Beeline-Кыргызстан абоненттери үчүн чалуулар КазРдин байланыш кызматтарынын акысы менен бирдей баада тарифтелет", — деп кошумчалады Шахин-Байло.

Ал роуминг кызматынын баасын андан ары төмөндөтүп жана ЕАЭБга мүчө өлкөлөрдүн аймагында аталган тармакты реформалоонун экономикалык негизин түзүү үчүн чечүү зарыл болгон маселелерге талаптагыдай багыт берүү максатында компания Евразиялык экономикалык комиссия менен диалогго катышууга даяр деп билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0