БИШКЕК, 17-фев — Sputnik. Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев экстремизмдин алдын алуу боюнча жасаган изилдөө иштери Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтуна ыраазычылык билдирди.
Маматалиев Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору Талант Султанов менен болгон жолугушуусунда институттун аналитикалык-изилдөөлөр боюнча жасап аткан иштери талкууланып, диний экстремизм менен күрөшүү ишинин презентациясы болду.
Вице-премьер Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун ишин жакшы деп баалап, институттун сунушу мамлекеттик органдардын ишинде колдонула турганын белгиледи.
"Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун изилдөөсүнүн жыйынтыгы аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын ишин максаттуу жана комплекстүү түзүүгө жардам берет", — деди Маматалиев.
Жолугушуунун жыйынтыгында, Кыргызстандын өкмөтү Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту тарабынан демилге көтөрүлгөн иш-чараларга керектүү колдоо көрсөтө турганын Маматалиев кошумчалады.