БИШКЕК, 14-фев — Sputnik. Жер титирөө Нарын шаарынан түштүк-чыгышты көздөй кеткен аймакта катталды деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы.
Сейсмология институтунун маалыматында, зилзаланын очогу Таш-Башат айылынан түштүк-чыгышты карай 40 чакырым аралыгында жайгашкан.
"Каза болгондор менен жабыркагандар болгон жок", — деп билдирди маалымат кызматынан.
Кыргызстандын эл жашаган башка аймактарында жердин титирегени байкалган жок.