БИШКЕК, 12-фев — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путиндин Европада Египеттин лидеринен тартып Чехиянын президентине чейин жактоочулары көп деп жазат америкалык The American Interest басылмасынын журналисти.
"Путинди Египетке болгон сапарында жылуу кабыл алышты, жана ал Грециянын жаңы өкмөт лидерлери менен да жакын. Түндүк багытта болсо анын жактоочулар андан көп, атап айтсак, Чехиянын президенти Милон Земан", — деп айтылат макалада.
Журналист Франция менен Германиянын лидерлери Франсуа Олланд жана Ангела Меркель россиялык президент менен сүйлөшүү жүргүзүп жаткан убакта Земан РФтин тышкы иштер министри Сергей Лавров менен "жай-баракат кофе ичип отурган" деп жазат. Прагада көпчүлүк мамлекет кызматчылары бул кадамды Чехиянын президенти өз оюндагысын кыла баштагандай кабыл алышты. Тышкы саясат жагынан Чехия Республикасынын алган багытына карабай, Земан Россияга каршы киргизилген санкциялар үчүн АКШ менен ЕБны сынга алып, Украинадагы чыр-чатакты "жарандык согуш" деп тааныган жок деп айтылат макалада. Андан тышкары, өткөн жумада Чехия башчысы РФке каршы экономикалык чектөөлөр бир жыл ичинде алынышы мүмкүн деп билдирген эле.
Россия президентинин алган багытына колдоо көрсөтүүчү дагы бир европалык саясатчы Франциянын мурдагы президенти Николя Саркози болуп эсептелет. Ал өткөн жумада "Элдык кыймыл үчүн биримдик" партиясынын жыйынында сүйлөп жатып, "Крым Россияны тандап алды" деп айткан.
Путиндин башка жактоочуларынын арасында журналдын баяндамачысы Улуу Британиянын UKIP ультра оңчул партиясынын лидери Найжел Фаражды атайт. Ал 2014-жылы Европа "Украинадагы көтөрүлүшкө түз чакырык жасады" деп айткан жана россиялык президентти өзүнүн "сүйүктүү мамлекеттик ишмери" деп атаган. Ошондой эле Ницца шаарынын мэри Кристиан Эстрози да РФти жана анын президентин колдой турганын бир нече жолу билдирген. Андан тышкары, Путин менен Италиянын мурдагы премьери Сильвио Берлускони жакшы мамиледе экени баарына белгилүү. Экинчиси болсо Италияда акыркы кезде болгон шайлоо мыйзамындагы өзгөртүүлөргө байланыштуу саясатка кайра келиши толук ыктымал деп жазат журналист.