Аи-92 үлгүсүндөгү бензиндин баасы өлкө боюнча 2 сомго арзандады

Жазылуу
12-февралга карата Аи-95 жана Аи-98 үлгүсүндөгү бензин эки сомго, ал эми Аи-92 үлгүсүндөгү бензин бир сомго арзандаган. Баалардын арзандашы Россиядагы нефтини кайта иштетүүчү заводдордогу баалардын төмөндөшү жана убактылуу талаптын жоктугу менен байланыштуу.

БИШКЕК, 12-фев — Sputnik. Кыргызстан боюнча Аи-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 2 сомго арзандаганын Кыргызстандын нефтерейдерлер ассоциациясы билдирди.

Жыл башынан бери бензиндин түрдүү үлгүлөрүнө болгон баа 6-7 сомго арзандаган.

Андан сырткары өлкөнүн түндүгүндө Аи-95 үлгүсүндөгү бензин бир сомго, Аи-98 – эки сомго арзандаган. Ал эми Кыргызстандын түштүгүндө Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 1,5 сомго, дизелдик май бир сомго төмөндөгөн.

Бейшемби күнгө карата Бишкек шаарындагы Аи-80 үлгүсүндөгү бензин 32 сом, Аи-92 – 39,4, Аи-95 – 42, Аи-98 – 45 жана дизелдик май 34,5 сомду түздү.

Ош шаарындагы бензиндин баасы да Бишкектегидей.

Нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришкендей, акыркы айларда бензиндин арзандашы нефтини кайта иштетүүчү россиялык заводдордогу баалар төмөндөгөнүнө байланыштуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0