БИШКЕК, 12 фев — Sputnik. Президенттик мөөнөтү 2017-жылдын башында аяктай турган АКШнын башчысы Барак Обама "Ислам мамлекети" тобу менен күрөшүү маселесин өзүнөн кийинки президентке калтырышы мүмкүн экенин шаршемби күнү айтты.
Обама Ак үйдө ИМге каршы аскердик күчтү колдонууга үч жылга уруксат берүү жөнүндө конгресске кайрылуусу боюнча сөз сүйлөдү.
"Муну менен биз күрөшүү миссиясын кайсы бир конкреттүү мөөнөттө бүтүрүүнү жарыялаган жерибиз жок. Документте конгресс бул маселени келерки президенттин мөөнөтү башталганда карап чыгышы керектиги айтылган", — деди ал.
"Миссия эрте да аякташы мүмкүн, бирок ой жүгүртүп, иликтеп, баа бергенден кийин бул багытта дагы кошумча маселелер чечилиши ыктымал", — деп кошумчалады АКШ президенти.
Обама аскердик күч колдонууга уруксат берүү өтүнүчү менен конгресске жарым жыл кечигип кайрылды. ИМге каршы сокку уруулар Ирактын жеринде өткөн жылдын августунда эле башталган болчу, ал эми сентябрдан тартып болсо АКШ согушчандардын Сирияда жайгашкан жерлеринде бул өлкөнүн бийлигинин уруксат жок эле абадан сокку уруп жатат.