Дарыгерлер: баланын оң көзүнө операция максаттуу түрдө жасалган

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүРабота ФГУ МНТК "Микрохирургия глаза"
Работа ФГУ МНТК Микрохирургия глаза - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгерлер медициналык көрсөткүч боюнча баланын оң көзүнө операция жасоо максаттуу болгонун билдиришүүдө.

БИШКЕК, 11-фев — Sputnik. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгерлеринин айтымында 9 жаштагы өспүрүмдүн эки көзү тең тубаса катаракта дартынан жабыркайт. Андыктан анын оң көзүнө операция жасоо дарыгерлердин консилиумунда кабыл алынган. Бул тууралуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9 жаштагы бейтап аталган борборго 9-февралда келип түшкөн. Ал тубаса катаракта дарты менен жабыркайт.

Текшерүү учурунда анын оң көзүнүн көрүүсү 0,9 жана сол көзүнүкү —0,02 экени аныкталган. Андан сырткары сол көзү 3чү деңгээлдеги амблиопия дарты менен дагы ооруй турганы белгилүү болгон.

"Дарыгерлердин консилиумунда бөлүм башчы менен чогуу баланын оң көзүнө операция жасоо чечими кабыл алынган. Баланын ата-энесине дарылоонун мындай ыкмасы жөнүндө түшүндүрүү иштери болгон. Алардын макулдугун тастыктаган документтер бар. Операция кадыресе өттү", — деп билдиришти аталган борбордон.

Дарыгерлер жаңылып өспүрүмдүн соо көзүнө операция жасап салышкан
Учурда эне бала стационардык дарылануудан өтүп жатат. Оң көзү жакшы болуп калгандан кийин сол көзүнө да операция жасоо пландалууда.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун билдирүүсүнө караганда баланын энеси жана анын жакындары прокуратура органдарына арыз менен кайрылышкан эмес. Борбордун эки дарыгери кармалып, учурда тергөө жүрүп жатат деген маалымат чындыкка коошпой турганын да кошумчалашты. Учурда Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын педиатрия жана офтальмология кафедрасынын кызматкерлеринин катышуусунда кызматтык иликтөө жүрүүдө. 

Бирок, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын билдиришинче, операция жасаган эки дарыгер көрсөтмө берүү үчүн Ленин РИИБине чакыртылган. Алар баланын оң көзүнө операция медициналык көрсөткүчтөрдөн улам жасалганын айтышкан.

"Учурда дарыгерлер өздөрүнүн тууралыгын далилдеп бере алышпай жатат. Бала сот-медициналык экспертизага жөнөтүлдү", — деп билдирди Бишкек ШИИББдин маалымат кызматы.

Үч күндөн кийин сот-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгерлеринин күнөөсү бар-жогу аныкталат.

Маалыматка ылайык, Ленин райондук ички иштер башкармалыгына баланын энеси арыз менен кайрылган. Анын айтымында, дарыгерлер 9 жаштагы уулунун ооруган сол көзүнө операция жасашы керек болчу. Бирок алар жаңылып, баланын оң көзүнө операция жасап салышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0