БИШКЕК, 9-фев — Sputnik. Казакстандын Алматы облусунан эмгек кулчулугунан бошотулган Жумагүл Жусуп кызы бүгүн энеси менен жолугат. Бул тууралуу Жумагүлдүн жакындарын издөөгө жардам берген Талант Бекбаев Sputnik кабарчысына билдирди.
Анын айтымында, алар бүгүн жолго чыгышат жана Жумагүлдү апасы менен жолуктурушат.
Жусуп кызын Казакстандын Алматы облусунан эмгек кулчулугунан бошотууга көмөктөшкөн Алмаз Кадыровдун Sputnik сайтына билдиришинче, Жумагүлдү Кыргызстанга жиберүүгө Алматынын базарларында иштеген мекендештер да жардам беришкен.
"Алматынын базарларында иштеген мекендештер да колунан келген бардык жардамын беришти. Алар 40 миң сомдой чогултуп, Жумагүлдүн кийим-кечегин да алып беришти", — деди ал.
Маалыматтарга ылайык, Жумагүлдүн ата-энеси балдары кичинекей кезинде эле ажырашып кетишкен.